Күйөөсүн «Кумтөргө» орноштурууну каалаган аял шылуунга алданды

Күйөөсүн «Кумтөргө» орноштурууну каалаган аял шылуунга алданды

Ысык-Көл облусунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, апрель айынын аягында Балыкчы шаардык милициясына 30 жаштагы аял кайрылган. Ал арызында билдиргендей, былтыр ноябрь айында «Кайрат» аттуу чоочун адам ишенимине кирип, күйөөсүн «Кумтөргө» жумушка орноштурууну убадалап 80 миң сом алган. Бирок акчаны алгандан кийин убадасын аткарбай качып кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жакында милиция шектүү катары Кара-Ой айылынын 41 жаштагы К.М. аттуу тургунун кармаган.

«Кармалган жаран, алдын ала жүргүзүлгөн суракта, жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алды», — деп билдиришти милициядан.

Шектүү 2 айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Милиция шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экенин жокко чыгарбайт. Ага байланыштуу жабыр тарткан жарандар болсо, Балыкчы шаардык милициясына же 0703 56 18 92, 0704 80 99 88, (03944) 3 27 15 жана 102 номерине кайрылууну суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>