Бостериде күйөөсүнөн таяк жеген аял ооруканада каза болду

Бостериде күйөөсүнөн таяк жеген аял ооруканада каза болду

Ысык-Көл районунун Бостери айылында ден соолукка оор залал келтирген деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин милицияга аймактык ооруканадан 44 жаштагы С.Т. көрүнгөн жаракаттары менен оор абалда ооруканага жаткырылган.

«Жаран С.Т. мээсинен жаракат алган деген диагноз коюлган, андан кийин ал комага түшкөн. Учурда кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү кармалып, ал жабырлануучунун жолдошу — 50 жаштагы Ш.К. 9-май күнү кечинде жубайлардын ортосунда чатак чыкканы аныкталган. Эркек мас абалында аялын башына жана ичине урган. Кийин жабырлануучу С.Т. эсин жоготуп, уктап калган. Эртеси жабырлануучунун баласы үйгө келип, апасын эс-учун жоготкон абалда көрүп, тез жардам чакырып, аял ооруканага жаткырылган. 11-майда жаран С.Т. эсине келбей каза болгон», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Учурда кылмыш иши козголду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>