Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
“Күнүнө 155 миң сом табасыз”. Милиция жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат (видео)
30.07.2024 | 13:03
Талас облустук милициясы өлкө жарандарын шылуундардан сак болууга чакырат.
“Учурда киберкылмыштар көбөйүп, алдамчылар жарандардын социалдык тармактардагы аккаунттарына чейин кирип, тизмесинде болгон бардык досторунан карызга акча сурап, акча котортуп, уяттуу видеолорго жүзүн коюп монтаждап, шантаж кылууга чейин жетти. Жакын адамыңыздан же бейтааныш номерден күтүүсүз билдирүү келсе, эмоцияга алдырбай окуянын чын төгүнүн тактап көрүңүз”, – деп билдирет милиция.
Ошондой эле милиция “күнүнө 155 миң сомго чейин акча табасыз”, “жеңил акча берем” деген адамдардан да сак болуу керектигин эскертет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом