Кыргыз балбандары казак күрөшү боюнча мелдеште коло байге жеңди

Кыргыз балбандары казак күрөшү боюнча мелдеште коло байге жеңди

Кыргызстандык балбандар Казакстанда өткөн казак күрөшү боюнча Turan Barysy Азия кубогунда үчүнчү орунду ээледи.

Аталган мелдеш алгач ирет уюштурулуп, ага Түрк мамлекеттер уюмунун алты өлкөсүнүн – Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия жана Казакстандын спортчулары катышкан.

Балбандар 55, 60, 66, 74, 82, 90 жана 90 килограммдан өйдө салмакта күч сынашып, таймаш олимпиадалык система боюнча курамалар арасында өткөн. Чучукулакка ылайык, биринчи топко Венгрия, Азербайжан жана Өзбекстан, экинчиге Кыргызстан, Түркия жана Казакстан кирген.

Жыйынтыгында мелдеште биринчи орунду Казакстан, экинчи орунду Өзбекстан алган. Ал эми кыргызстандык балбандар колонун ээси болгон. Аларга үчүнчү орун үчүн 4 млн теңге байге берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>