«Кыргыз даамы» этнофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды — сүрөт

«Кыргыз даамы» этнофестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды — сүрөт

Кыргыз элинин улуттук ашканасын сактоо, өнүктүрүү жана аны даңазалоо максатында “Кыргыз даамы” этнофестивалы Ат-Башы районунун Сары-Тал жайлоосунда өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, облустук жана райондук администрациянын өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар жана сырттан барган коноктор катышышты.

Фестивалдын көшөгөсү Жумамүдүн Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин 40 окуучусу аткарган “Машботой” күүсү менен ачылып, улуттук баалуулуктардын көргөзмөсү жана сынагы менен коштолду. Бишкек шаарынан Асанхан Жумакматов атындагы симфониялык оркестри барып концерттик программа тартуулап, фестивалдын көркүнө көрк кошту.

Ошондой эле, театралдаштырылган оюн-зоок жана улуу кыргыз көчү көрсөтүлдү. Иш-чарада ондогон боз-үйлөр тигилип, алты бакан, селкинчек, жана башка бир катар кыргыз элинин улуттук оюндары ойнотулду.

Фестивалдын жүрүшүндө көз жоосун алган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери да орун алды. Анда Ат-Башылык уз чеберлердин кол эмгегинен даярдалган шырдак, жер төшөк жана түрдүү буюм-тайымдар коюлду. Мындан сырткары өрмөк согуу боюнча мастер класстар көрсөтүлдү.

«Кымыз» сынагынын жеңүүчүлөрү:

Кыргыздын улуттук суусундугу “Кымыз” сынагында 4 номинация орун алды.

— “Мыкты кымыз”- Ача-Кайыңдыды айылынан Зуура Мааткабылова 5000сом.

— “Нак кымыз”- Ак-Моюн айылы Чолпонай Сагындыкова 5000сом.

— “Саамал кымыз”- Ат-Башы айыл өкмөтү, Айым Касымбекова 5000сом.

— “Бал кымыз” номинациясы боюнча “Май кымыз”- Баш-Кайыңды.

— “Тоо кымыз”- Ат-Башы айыл өкмөтү.

-“Ак бал”- Ат- Башы айыл өкмөтү акчалай жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

Фестивалда улуттук тамак- аштын 200дөн ашык түрү көргөзмөдөн орун алды. Суусундуктардан сырткары унутта калган “Калменте”, “Жан азык, жана башка ата-бабалардын жол азыгы болуп келген токочтор жана эт азыктары меймандарды таң калдырды.

Улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү

Улуттук тамак-аш көргөзмөсүндө 1-орунду Ат-Башы айыл өкмөтү 15 миң сом, 2-орун Ак-Моюн айылы 12 миң сом ал эми 3-орунду Казыбек айылы 8 миң сом менен сыйланды.

Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыкка Ат-Башы айылындагы үч бала бакчага жана Башкайынды айылына 2500 сомдон 5 миң сом берилди.

Сүрөтчүлөр көргөзмөсү

Сүрөтчүлөр көргөзмөсүнө 7 жаштан 25 жашка чейинки 11 улан-кыз катышып, кыргыздын улуттук баалуулуктарын кагаз бетине түшүрдү. Ал эми кыргыз эл сүрөтчүсү Асан Турусбековдун эмгектери көргөзмөдөн орун алып, жаш сүрөтчүлөргө дем берди. Соңунда алардын чыгармачылыгы бааланып, ар бирине акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Күчтүүлөрдүн күч сынашы

Фестивалдын жүрүшү улуттук оюндар менен өттү. Анда кыргыз күрөш, кол күрөш жана аркан тартыш боюнча балбандар күч сынашып, алдыңкылар акчалай сыйлыкка ээ болушту. Ал эми командалык эсепте 1-орунду Баш-Кайыңды айылынын азаматтары камсыздашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>