Зомбулукка кабылган кыз-келиндерге жардам берүү борбору ачылат    

Зомбулукка кабылган кыз-келиндерге жардам берүү борбору ачылат    

Эмгек министрлиги сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга жардам берүү борборун ачуунун үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Аялдардын тилектештигинин улуттук курултайында билдирди.

Анын айтымында, республикада аялдардын экономикадагы ордун жакшыртуу, алардын кесиптик өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча олуттуу аракеттер көрүлүүдө.

«Учурда чечимдерди кабыл алууда гендердик паритетти илгерилетүү жана аялдардын саясий катышуусун кеңейтүү максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү, ал мамлекеттик аткаруу бийлигинин бардык түзүмдөрүндө, анын ичинде мамлекеттик органдардын бардык түзүмдөрүндө лидер аялдарды сүрөө жана колдоо боюнча Мамлекеттик программаны иштеп чыгууда.

Ведомстволор 2022-2026-жылдарга Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын ишке ашырууда. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2022-2024-жылдарга тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325-резолюциясына ылайык, Министрлер кабинети аялдардын дүйнөлүк тартипке катышуусун жогорулатуу жана коопсуздукту камсыздоо боюнча конкреттүү чараларды ишке ашырууда. Ошондой эле, учурда министрлик сексуалдык жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик борборду түзүүнүн үстүндө иштеп жатат», — деди министрдин орун басары.

Иш-чарада бардык аймактардан келген лидер айымдар өлкөдөгү аялдар кыймылынын социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий ролун талкуулап, ошондой эле Кыргызстандагы аялдардын лидерлигин мындан ары өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>