Кыргыз ишкерин атып кеткен учур видеого түшүп калган (видео)
4.07.2019 14:40
Орусиянын Екатеринбург шаарында жеке ишкер Камчыбек Каримовду атып кеткен учур видеого түшүп калган. Бул тууралуу бир нече чет элдик жана жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 54 жаштагы кыргызстандык ишкер Камчыбек Каримовду 2-июлда Екатеринбургдагы үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Анын ичине, бутуна ок жаңылып “Тез жардам” келгенде каза тапкан.
Видеодо көрүнгөндөй ага белгисиз эки адам келип кол салган. Каримовдун тегерегинде бир нече адамдар болгон. Бирок аларда жанына барып жардам бере алышкан эмес. Ишкер сумкасын кучактап жыгылган.
Жеке ишкердин жардамчысы бул маалымат боюнча билдирүү таратып, ишкерди атып кеткендер унаасын калтырып, өздөрү жөө качып кеткенин айткан. Ал эми полиция кызматы шектүү жарандардын унаасын тергөөгө алып кетишкен.
20 жылдан ашык Уралда жашаган Каримов “Кыргызстан-Урал” уюмун түптөп, коомдук жана жеке ишмердиги менен таанылган. Акыркы жети жылдан бери Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасын башкарып келген.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.