Бишкек шаарынын Свердлов райондук милициясы окуяны Жазык кодексинин 138-беренеси (“Саламаттыкка оор зыян келтирүү”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Шектүү шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында.
Буга чейин шаардын борборунда эс-учун жоготуп жатканынды кара кишиге жарандар жардам берип жатышканы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Жабырлануучу Бишкектеги “Cambridge School” тил үйрөнүү мектебинде иштей турганы айтылган.
Окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күнөөлүүнү тез арада табууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган. Чырга эмне себеп болгону белгисиз.