Кыргызстанда суюлтулган газ боюнча абал туруктуу

Кыргызстанда суюлтулган газ боюнча абал туруктуу

Казакстан Кыргызстанды суюлтулган газ менен камсыз кылган негизги өлкөлөрдүн бири,андыктан жарандардын коңшу өлкөдө болуп жаткан башаламандыктан улам газга болгон баанын өсүшү ыктымал деп кооптонуусу түшүнүктүү эле болууда. Бул туурасында “Акчабар” жазды.

Басылма, анткен менен эксперттер оптимисттик маанайда карашууда дейт.

Кыргызстанда суюлтулган газ боюнча абал туруктуу”, — дейт Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов.

Анын айтымында, газга болгон баа бир аз төмөндөгөн: эгерде 2021-жылдын декабрь айында күйүүчү майдын бир литринин баасы 37-38 сом болсо, азыр 36 сом, айрым жерлерде 35 сомго чейин жеткен.

Ошол эле учурда эксперт Казакстан менен чек аралар жабылып, транзит толугу менен токтотулса гана баанын көтөрүлүшү мүмкүн экенин баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, мындан бир күн мурун Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жакынкы арада суюлтулган газдын бир литри 2-3 сомго арзандашы күтүлүп жатканын билдирген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>