Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” бекети ачылды
11.06.2020 | 09:26
Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” бекети 10-июнь күнү ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, аталган өткөрмө бекет “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын тыгынын азайтуу максатында ачылган.
Өткөрмө бекетинен өтүп жатканда бардык айдоочулар коронавирус бар-жок экенин аныктоочу экспресс-тест тапшырып, анализдери таза чыккан соң гана Казакстанга кире алышат.
Ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, жана ”Чоң-Капка” бекеттери иштеп жатат.
Белгилей кетсек, 10-июнь күнү кыргыз-казак өкмөт башчылары телефондо сүйлөшүп, чек-ара бекетерин ачуу тууралуу чечим кабыл алышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом