Кыргыз-кытай чек арасында 600гө чейин унаа кезекте турат

Кыргыз-кытай чек арасында 600гө чейин унаа кезекте турат

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт – унаа жолу» (Нарын облусу) жана «Эркечтам – унаа жолу» (Ош облусу) чек ара бекеттеринде 4-апрелге карата 250дөн 600гө чейин унаа кезекте турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, узун кезектин түзүлгөнү кытай тараптын коронавируска каршы чараларды алып салгандан кийин Кытайга жол алган унаалардын саны артканына, аны менен бирге жүк ташуу менен алектенген Кыргызстандын жарандарына визалардын берилиши көбөйгөнүнө байланыштуу. Унаалардын агымы көбөйгөндүктөн аталган эки чек ара бекети күнү-түнү иштөөдө.

Акыркы 12 саатта «Эркечтам – унаа жолу» аркылуу 328,  «Торугарт – унаа жолу» аркылуу 300дөн ашык унаа өткөрүлгөн. Ошол эле учурда алар мынча сандагы унааларды өткөрүүгө эсептелген эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>