Таластын тургунун бир млн сомго алдап кеткен жаран кармалды

Таластын тургунун бир млн сомго алдап кеткен жаран кармалды

Таластын тургунун бир миллион сомго алдап кеткен жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну  Д.Т. арыз менен жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылган.

Арызында 2021-жылдын ноябрь айында  Жалал -Абад облусунун тургуну Ө. менен телефон аркылуу таанышып, ага алданып калганын жана “Карбамид” жер семирткичин алып берем деп, бир миллион сом акча котортуп алып,  бербей качып жүргөнүн айткан. Арыз Манас РИИБде каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Алдамчылыкка шектүү  Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 40 жаштагы Ө. ыкчам аракеттердин негизинде Бишкек шаарында  изин жашырып жүргөн жеринен кармалды.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттери менен ал Манас РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин  209-беренесине  ылайык кылмыш иши козголуп, кармалган жаран тергөөдө сурак берип жатат. Учурда ал Кара-Буура РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>