Кыргыз кызга үйлөнөт: Бельгиялык Альберто ислам динин кабыл алды

Кыргыз кызга үйлөнөт: Бельгиялык Альберто ислам динин кабыл алды

Кыргызстандык кызга баш кошууну каалаган Бельгиянын жараны Альберто Вотир ислам динин кабыл алды.

Муфтияттын маалыматына караганда, Альберто Вотир кыргызстандык Маркиза Шумкар кызын жактырып, ага үйлөнүү максатында Ош шаарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушовго келген.

Токтомушов мусулман кызга үйлөнүү үчүн ислам динин кабыл алып, мусулман болуу керектигин жана диндин негиздерин түшүндүрүп берди.

“Ислам дининде мажбурлоо жок. Биз айтып эскертебиз, кабыл алуу ар бир адамдын өз каалоосу менен болот”, – деди Токтомушов.

Альберто Вотир буга чейин Курандын котормолорун окуп жүргөнүн, өзү да мусулманчылыкты кабыл алууга кызыкдар экендигин билдирип, келме айтып мусулман болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>