logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Кыргыз мушкерлери эл аралык турнирде 3 медаль утту

Кыргыз мушкерлери эл аралык турнирде 3 медаль утту

Бокс боюнча курама команда Сербияда өткөн эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-27-апрель күндөрү Сербиянын Белград шаарында бокс боюнча эл арылык «Belgrade Winner» туррири өтүп, анда кыргыз спортчулары 3 медаль жеңди.

Азат Үсөналиев (52кг) жана Акылбек Эсенбек уулу (57кг) күмүш медаль, Өмурбек Бекжигит уулу (75 кг) коло мөөрөй уткан.

Буга чейин март айынын соңунда Азат Үсөналиев Түркияда өткөн эл аралык мелдеште чемпион атыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>