Кыргыз-өзбек автозаводу быйыл ишке кирет. Кандай унаалар чыгарылат?

Кыргыз-өзбек автозаводу быйыл ишке кирет. Кандай унаалар чыгарылат?

Кыргызстанда быйыл унаа чыгаруучу заводду ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.

Комитеттин жыйынында “2023-жылдын 27-январында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстанда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүшүн уюштуруу боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамынын долбоору каралды.

Айнура Үсөнбекованын айтымында, ушул жылдын июнь айында завод ишке киргизилсе, 2000дей жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Жыйында депутат Эмил Токтошев заводдон кандай үлгүдөгү унаалар чыгарыларына жана баасы канча болоруна кызыкты.

“Жалпы долбоор боюнча унаалардын 19 модели белгиленген. Анын ичинен жети модель коммерциялык багытта болот. Биринчи Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү унаа чыгарылат. Эгер мыйзам долбоору ратификациядан өтсө, кийинки жума заводдун курулушу башталат. Ал эми ушул жылдын июнь айында завод ишке киргизилип, жылдын аягына чейин 600 жеңил унаа жана 50 жүк ташуучу унаа чыгарылат”, — деди  экономика жана коммерция министринин орун басары.

Жыйында «ДТ Техник» ЖЧКсынын директору Фархатжон Досматов билдиргендей, Chevrolet Cobalt унаасынын орточо баасы 11 миң доллардан башталат.  Бул унаалар Өзбекстанда 14 миң долларга бааланат. Аталган инвестициялык долбоордун жалпы суммасы 50 млн долларды түзөт.

Талкуудан кийин мыйзам долбоору колдоо тапты.

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешкен унаа чыгаруучу ишкана ачууну пландап жатканы маалымдалган. Ага ылайык, Чүй облусунун аймагында унаа чыгаруучу завод курулат. Аны Кыргызстандын «Нур» жана «ДТ Техник» ишканалары, ошондой эле «Узавтосаноат» ишканасы иштетет.

Мирзиёевдин Кыргызстандагы иш сапарында 24 документке кол коюлду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>