Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөттүк жумушчу топтор жолукту

09.07.2022 | 10:12

Ушул жылдын 4-8-июлуна чейин Өзбекстандын Анжиян шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.

[image_carousel source=”media: 143155,143156″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top