Кыргыз-өзбек чек арасы: Тараптар протоколго кол койду

Кыргыз-өзбек чек арасы: Тараптар протоколго кол койду

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен кеңешмесинин протоколуна кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган протокол кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз тараптан документке УКМКнын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кол коюшту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>