ЖаМУнун 82 бүтүрүүчүсү жасалма диплом алганы аныкталды

ЖаМУнун 82 бүтүрүүчүсү жасалма диплом алганы аныкталды

Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде текшерүү жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педогогикалык багыты боюнча бюджеттик группаларды аяктаган 82 бүтүрүүчү Жалал-Абад облусунун аймагындагы райондордо орто билим берүү мектептеринде 2 жана 3 жыл иштешкендиги тууралуу жалган буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшырышып, жогорку окуу жайды бүткөндүгү тууралуу дипломдорду алып кетишкен.

Дипломдорду алууга негиз болгон буйрук, тактама жана күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчелеринин көчүрмөлөрүн текшерүүдө, Жалал-Абад облусунун райондорундагы билим берүү бөлүмдөрү тарабынан жогорудагы 82 бүтүрүүчү орто мектептерде иштебегендиги жана аларга айлык маяна чегерилбегендиги аныкталган.

Башкача айтканда, Жалал-Абад облусунун аймагындагы айрым мектептердин директорлору өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, мектептерде иштебеген 82 бүтүрүүчүлөргө жасалма буйрук, тактама жана эмгек китепчелерине жалган маалыматтарды киргизишкен.

Алардын жогорудагы мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 8 млн 581 миң  819 сомдук зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>