Мадумаров: УКМК президенттин бойго жеткен балдарын кайтарбашы керек

Мадумаров: УКМК президенттин бойго жеткен балдарын кайтарбашы керек

Бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров президенттин бойго жеткен балдарын эмне үчүн мамлекеттик күзөтчүлөр кайтарып жатканын сурады.

Анын айтымында, УКМК президентти, анын жубайын жана жашы жете элек балдарын коргошу керек.

«Бирок сиздердин кызматкерлер бойго жеткен балдарды кайтарып жатканын көрүп жатабыз», — деди ал УКМКнын төрагасынын орун басары Жумгалбек Шабданбековго кайрылып.

Ал мамлекеттик күзөт мыйзам чегинде иштейт деп жооп берди.

«Ал жерде жеке коопсуздук органдары иштеши мүмкүн”-деди.

Мадумаров анын сөзүнө ишенбей, президенттин бойго жеткен балдарын УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери кайтарып жатканын билдирди.

Мындан тышкары Шабданбековго экс-президенттердин мамлекеттик күзөтүн кармоого бюджеттен канча каражат жумшалып жатканы суралды. Бирок ал жашыруун маалымат экенин каңкуулады.

Ал арада депутаттардын бир тобу экс-президенттерден мамлекеттик күзөттү алууну сунушташты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>