Кыргыз-өзбек чек арасында чогулган элдер тарады

Кыргыз-өзбек чек арасында чогулган элдер тарады

Баткен районундагы кыргыз-өзбек чек арасында топтолгон жарандар тарады. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочусунун ортосунда, чыккан чатакка байланыштуу, аймакка күч түзүмдөрү жана  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барып, элге түшүндүрүү иштери жүргүздү.

«Эки тараптан топтолгон эл тарады. Натыйжада чатакташкан кыргыз жараны менен өзбек жараны элдешти. Баткен району менен Сох районунун чек ара жана ички иштер кызматкерлери, жеринде териштирүү ишин башташты. Баткен району менен Өзбекстандын чектеш аймагында  абал туруктуу», — деп билдирди өкмөт өкүлү.

Белгилей кетсек бүгүн 13-майда, Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Сай айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочусунун ортосунда, турмуш тиричиликке байланыштуу пикир келишпестик жаралып, мушташа кетишкен. Натыйжада чек арага эки тараптан элдер топтолгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>