Чүй камералык оркестри Нарын менен Жалал-Абадда концерт беретКыргызстанда айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды«Росатом» жана ӨКМ Таш-Көмүрдө 155 тоннага чейинки кооптуу химикаттарды зыянсыздандырат — кененирээкБишкек менен Сеул шаарларынын ортосунда боордоштук мамилеси түзүлдүСадыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея кызматташтыгынын беш багытын сунуштадыДепутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштады
Ассоль Молдокматова Баткендик 138 баланы эс алдырат
13.05.2021 | 17:23
Баткен облусунан 138 бала Ысык-Көлгө эс алууга барат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Коомдук ишмер Ассоль Молдокматова Баткен облусуна барып, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары менен жолуккан.
Ал балдар менен жакындан баарлашып, ар бирине бекем ден соолук, кең келечек каалады. Ошону менен катар жалпы 138 балага 3000сомдон акчалай жардам көрсөттү.
Ассоль Молдокматова окуядан жабыр тарткан 138 баланы керектүү кийим кече менен камсыздап, 27-майда Ош аэропорту аркылуу Ысык-Көлгө, 10 күндүк эс алууга алып бараарын айтып, ата энелер менен макулдашкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом