27-сентябрь: Кыргызстанда жаан жаап, шамал күчөйтСадыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам берет
Эл артисти Марат Сарулу дүйнө салды
09.03.2023 | 19:24
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер,кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулу дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Марат Сарулу 1957- жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган.
Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган. 1984- жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган.
Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон.
Коштошуу зыйнаты тууралуу кошумча маалымдалат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом