Ташиевдин жардамчысы Kloop.kg’нин сын материалына жооп берди

Ташиевдин жардамчысы Kloop.kg’нин сын материалына жооп берди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Ташиевдин аялдар тууралуу айтканы боюнча сын материал чыгарган «Клооп» басылмасына жооп берди.

Анын айтымында, «Клооп» сайтында Камчыбек Ташиевдин сөзүн атайылап бурмалоо, анын арты менен каралоо аракети көрүлгөнүн.

«Ал «адам укуктарын сыйлоолучулар», Камчыбек Ташиевдин Сузак районундагы жаңыдан курулуп баштаган төрөт үйүнө капсула салуу аземинде «…кыз келиндерибизди, эже-карындаштарыбызды, эне-апаларыбызды сыйлашыбыз керек, ошондо гана күчтүү мамлекетке айланабыз…» деген тариздеги сөзүндө, «кыздарды инкубатор катары сыпаттады, төрөбөгөн кыздарды басмырлады…» деген өңүттө жарыялап, «талдап» беришти. Бул албетте, сөздүн маани маңызын түздөн-түз бурмалоо жана жеке кызыкчылыктары (бул учурда Камчыбек Ташиевди каралоо кызыкчылыгы даана байкалып турат) үчүн коомчулукта терс пикир жаратуу аракети катары бааланат.

«Камчыбек Ташиевдин сүйлөгөн сөзүн дагы бир ирет жакшылап угуп, кайсыл жерде «төрөгөн гана кыз-келиндерди сыйлап, төрөбөгөндөрдү кордошубуз керек…» дегенин таап көрүңүздөр.

«Клооп» сайтынын бул жоругу даана калп жана маалыматты манипуляциялоо экенин, бул үчүн жоопкеричилик каралганын унутпоого чакырабыз»,  — деп жазып, Ташиевдин сөзүнүн видеосу менен бөлүшкөн.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев 6-мартта Жалал-Абаддын Барпы айыл өкмөтүндөгү төрөтканага капсула салуу иш-чарасында:«Энени, эже-карындашты, келиндерди сыйласак, аларды кор кылбасак эртең биздин мамлекетибизди бага турган, коргой турган, мамлекетибизди жакшы турмушка жеткире турган уул-кыздарыбызды төрөйт. Ошону эстен чыгарбаңыздар. Келинди кордоп, кызды кыйнап, апаны карабай эч качан жакшылыкка жетпейбиз. Жакшылыкка жетүүнүн, жакшы-жыргал жашоонун, күчтүү мамлекет болуунун бирден-бир себеби – аял кишиге кылган мамиле. Аял кишиге эркектердин кылган мамилеси. Ушуга чейин көбүбүз билбей, түшүнбөй жүрдүк, билсек да, көңүл бурбай жүрдүк же бул аял киши деп кол шилтеп жүргөн күндөр болду. Эми бул мамилени өзгөртөлү. Аялдарды кадыр-барктуу кылалы, жакшы жашоого жетелесин, бизге жакшы уул-кыздарды төрөп берсин. Ошондо аталарыбыз коркпой, жакшы балдарым бар, мамлекетти коргойт, сактайт, эртең жакшы турмуш алып келет деп ишине турган болуп калат», — деген.

Андан кийин «Клооп» басылмасы Ташиевдин аялдар тууралуу айтканы боюнча, сын материал чыгарган. Анда феминист Бегайым Замирбек Ташиевдин айткандарын сынга алган. Анын айтымында, бир жагынан Ташиевдин сөзүндө аялдарга кол көтөрбөө, өлтүрбөө тууралуу туура нерсе айтылат. Ошол эле учурда, УКМКнын төрагасы бардык аялдарды инкубаторлорго теңеген.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда аялдар менен кыздардын баалуулугу жана коопсуздугу төрөп-төрөбөгөнүнөн көз каранды болбой, эч кандай шарт коюлбастан кепилдениши керек.

Ал эми социолог Нурзада Садырбекованын пикири боюнча, Ташиевдин сөздөрү эне болбогон аялдар менен келиндерди дискриминациялайт.

«Татыктуу жашоого жетүү үчүн аялдар милдеттү түрдө төрөш керек эмес. Эгер аял ар түрдүү себептерден улам төрөгүсү келбесе же төрөй албаса, татыктуу жашоого укугу жокпу? Байкасаңыздар, көп учурда биздин коомдо уул төрөбөгөн же такыр төрөй албаган аялдар психологиялык жана физикалык зомбулукка туш болуп келет», — деген ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>