Кыргыз-тажик чек ара: Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипке өттү

Кыргыз-тажик чек ара: Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипке өттү

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, түндө эч кандай чыр-чатак катталган жок. Аймакта чек ара кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Чек арачылар кыргыз-тажик чек ара аймагындагы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

25-декабрда саат 14.30дар чамасында Лейлек районунун Сай аймагынын тушунда Тажикстандын чек арачылары өз бекетинин аймагына миномет жайгаштырган. Мындан тышкары Кыргызстандын Дамба жана Максат айылдарынын тушунда тажик аскерлеринин топтолгону байкалган. Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдөн кийин тажик тарап минемотун алып кеткени маалым болду.

Андан тышкары саат 19.30дарда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Көк-Таш айылынын Эки-Таш аймагында Тажикстандын 3-4 жараны кыргызстандыктардын төрт машинесине таш ыргыткан. Андан автоунаалар жабыркап, эч ким жаракат алган эмес. Окуя болгон жерге барган «Көк-Таш» чек ара бекетинин башчысы эскертүү иретинде үч жолу асманга ок чыгаргандан кийин тажик жарандары качып кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>