Кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолукту. Үч чечим кабыл алынды

Кыргыз-тажик Чек ара кызматтарынын башчылары жолукту. Үч чечим кабыл алынды

2022-жылдын 26-декабрында Баткен облусунун Лейлек районунун Борбордук айылында КР УКМКнын Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Раджабали Рахмоналидин жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара аймактарындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча мурда кол коюлган протоколдордун аткарылышын карашты.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды талкуулап, эки тараптуу чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү багыттарын белгиледи.

Тараптар кыргыз-тажик чек арасында коопсуздукту жана ишенимди чыңдоо, бейпилдик менен стабилдүүлүктү сактоо Борбор Азия чөлкөмүндө тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого кошкон маанилүү салым экенин бир добуштан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара маселелерин чечүү боюнча биргелешкен иш-аракеттердин оң натыйжалары белгиленди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— 2023-жылы биргелешкен жумушчу комиссиянын ишин улантуу;

— Тараптар эки республиканын жарандарынын мүлкүн кайтарып берүү боюнча ишти тездетүү жөнүндө маселени тездетүү;

— мамлекеттик чек арада Тараптардын ортосундагы мамилелердин курчушуна алып келген аракеттерге жол бербөөгө.

Сүйлөшүүлөргө Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстан Республикасынын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода да катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>