Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келдиУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди
Кыргыз-Тажик чек арасы. Вице-премьер Акрам Мадумаров Баткенге кетти
09.05.2020 | 13:46
Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен өлкө жетекчилигинин тапшырмасы боюнча Баткен облусуна кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Вице-премьер-министр окуядан жабыркаган аскер кызматчылары дарыланып жаткан ооруканага барат.
Ал ошондой эле укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда кечээ мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ок атуучу курал колдонуу менен болуп өткөн окуяга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом