Кыргыз-тажик чек арасы: ЖККУ чек ара бекеттерин алууну колдойт

Кыргыз-тажик чек арасы: ЖККУ чек ара бекеттерин алууну колдойт

Жамааттык коопсуздук келишим уюму Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов кол койгон протокол боюнча билдирүү жасады.

ЖККУнун катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү органдарынын жетекчилеринин чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол койгонун кубаттайт. Ошондой эле уюм чек араны аныктоого багытталган иштерди тездетүү боюнча макулдашууга жетишилгендигине оң баа берет.

«Тараптардын куралдуу кагылыштар болгон чек ара тилкелерине жакын жерде чек ара бекеттерин койбоо макулдашуусу чек арадагы абалдын турукташышына оң таасир тийгизет деп эсептейбиз. Талаштуу маселелерди чечүү үчүн күчтү колдонуу колдоого арзыбайт, бардык чек ара келишпестиктери саясий-дипломатиялык жол менен чечилиши зарыл», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле уюм кол коюлган протокол ишке ашып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында тынчтык жана өз ара түшүнүшүү орун алат деп үмүттөнөт.

Эскерте кетсек, Ташиев менен Ятимов кол койгон №42 протокол боюнча кыргыз-тажик чек арасында турган эки тараптын бирден чек ара тозоту жана үчтөн чек ара бекеттери алынат:

  • «Тамдык» (Кыргызстан) — «Бедак» (Тажикстан);
  • «Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан);
  • «Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Карачикум» (Тажикстан);
  • «Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан).

Аталган №42 протокол боюнча коомчулук сын-пикирин айтып, чек ара бекеттеринин алынышына каршы болушууда. Каршы болгондордун пикири боюнча, бул протоколдон Кыргызстан утулушта болууда. Чек ара бекеттеринин алынышы менен Тажикстан тарап тактала элек жерлерди карамагына өткөрүп алуу боюнча «сойломо» саясатын улантат. Андан тышкары аларда коопсуздук маселеси боюнча тынчсыздануу болууда.

Бул протокол боюнча Камчыбек Ташиев өз оюн билдирип, документке кол коюуда Ак-Сай элинин активисттери менен сүйлөшүлүп чечим кабыл алынганын, башкы максат конфликтти мындан ары болтурбай кармап туруу болгонун билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстандын бир сантиметр жери да Тажикстанга берилбей турганын белгилеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>