Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу
09.05.2020 | 10:21
Бүгүн, 9-майга карата Кыргыз-Тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 9-май саат 08.30га карата Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чек жерлигиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Түн тынч өттү, эки тараптан тең чыр-чатак чыккан аймактагы кошумча күчтөрү жайгашкан жерлерине алынды. Баткен облусуна Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев жөнөп кетти.
Кечээ, 8-майда коңшулаш жашаган эки өлкөнүн жарандары 50 сотых жер тилкеси үчүн жаңжалдаша кеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом