Кыргызстанда куралга уруксат алуу: баш мээни текшерүү — көрсөтмө боюнча, никотинге көз карандылыкты тизмеден чыгаруу сунушталуудаКыргызстанда жумуш издөө жана кызматкерлерди тандоо боюнча мамлекеттик порталдар ишке кирдиБишкектин бир районунда бир жыл ичинде эттин баасын көзөмөлдөө боюнча 181 рейд өткөрүлдүFlydubai’дын учкучтары учуу учурунда мушташып кетишти — окуянын чооБишкекте иттерди сейилдетүү үчүн үч жерде атайын аянтчалар түзүлүүдөБишкектин «Калыс-Ордо» конушунда 1-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
Кыргызстанда парус спорту, дайвинг жана жаңы суу спорт түрлөрү кулач жайышы күтүлүүдө
30.07.2026 | 13:56

Ысык-Көлдө UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүү үчүн түзүлгөн инфраструктура Кыргызстанда суу спортунун жаңы түрлөрүн өнүктүрүүгө негиз болот.
Бул тууралуу пресс-конференцияда Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов билдирди.
Анын айтымында, UIM F1H2O Гран-присин өткөрүү — Ысык-Көлдү Борбордук Азиядагы суу спорт түрлөрүнүн борбору катары өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиянын биринчи гана этабы.
Кубатов Бает айылында түзүлгөн дүйнөлүк деңгээлдеги инфраструктура 2-августта мелдештер аяктагандан кийин да колдонула берерин белгиледи.
Жакынкы жылдары федерация Кыргызстанда суу спортунун бир нече багытын, анын ичинде парус спортун (желкендүү спорт), дайвингди, калак кагууну жана суу-мотордук дисциплиналарды бирдей өнүктүрүүнү көздөп жатат.
Федерация башчысынын айтымында, бул багыттарды өнүктүрүү азыркы UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын этабын өткөрүүдө колдонулган эл аралык экологиялык стандарттарды катуу сактоо менен ишке ашырылат.