Кыргыз — тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз — тажик чек арасында ок атылды

Чек арада чыр — чатактын өөрчүп кетүүсүн алдын алуу үчүн кыргыз аскерлери асманга ок чыгарды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ 25-октябрь күнү кечке маал Баткен районунун Үч-Дөбө айылында болгон. Анда тажик жарандары такталбаган аймакта суу түтүктөрүн орнотуп баштаганда кыргызстандык чек арачылар барып, эскертүү беришкен. Бирок тажик жарандары кулак салбай, оозеки кайым айтышууга барган. Кыргыз чек арачылары чыр-чатактын өрчүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында, эскертүү иретинде асманга ок аткан.

«Учурда ал жердеги жумуштар токтотулуп Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу жүрүп жатат. Ошондой эле жолугушууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышууда», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Чек ара кызматы учурда аймактагы абал туруктуу экендигин кабарлады.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу – 970 чакырым, анын 504 чакырымы гана делимитация жана демаркация болгон. Калган такталбаган аймактар чек арадагы эки элдин түрдүү чатактарына себеп болуп келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>