Кыргыз-тажик чек арасындагы абал: Ок атышуу токтоду

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал: Ок атышуу токтоду

Бүгүн, 14-сентябрь саат 12:40ка карата кыргыз-тажик чек арасындагы Булак-Башы жергесиндеги абал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Ошол эле учурда ок атышуу токтогон.

УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгын башчысы К. Төлөнбаев менен Тажикстандын УКМКсынын Согди облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Х. Пиракзоданын жолугушуусу уланууда.

Эскерте кетсек, Чек ара кызматы мындан мурдараак саат 11:30га карата Булак-Башы жергесиндеги абал чыңалуу бойдон калып, тажик тарап кыргызстандык чек арачылары көздөй ок чыгарып жатканын билдирген.

Бүгүн, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Кыргызстандын Чек ара кызматы ок атууну тажик тарап баштаганын билдирди. Ошол эле учурда Тажикстан тарап чырдын башталышына Кыргызстанды айыптоодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>