Депутат Кумтөр боюнча өкмөт башчыны жоопко тартууну сунуштады

Депутат Кумтөр боюнча өкмөт башчыны жоопко тартууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жоопкерчиликке тартууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, коомчулукта буга чейин «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы менеджери болуп турган «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн кармалышы талкууланып жатат. Эл өкүлү кармалган адам башка өлкөнүн жараны экенин белгиледи.

“Ал 1 миллиард сом зыян келтирди деп айтылууда. Бул он мектептин акчасы дегенди билдирет. Депутаттар менен активисттер ага ишенбей турганын айтышса, аны ачык иштей турганына ишендиришти. Муну айткан Акылбек Жапаров да жооп бериши керек», — деди депутат.

Ал кошумчалагандай, профилдик комитет Кумтөрдүн ишмердүүлүгү тууралуу толук маалымат алуу боюнча протоколдук тапшырма берген.

«Бул жерде сындоо эмес, Конституция боюнча сунуштарды киргизүү үчүн маалымдуулук маанилүү. Биз министрлер кабинетинин мүчөсүн же анын жетекчисин кызматтан алуу сунушун киргизе алабыз. Мыйзамды колдонолу. Аны калтырабы же кетиреби президент чечет. Бирок, сунуш киргизүүгө биздин укугубуз бар», — деди Исхак Масалиев.

Кумтөр кенинде мамлекеттик сатып алуулар боюнча каржылык мыйзам бузууларды аныкталган. Анын алкагында, Теңгиз Бөлтүрүк менен ишкананын каржы директору Рыспек Токтогулов иштен алынган. Анын ордуна аталган компанияда 20 жылдан ашык убакыт эмгектенген Алмаз Барыктабасов дайындалган. Ал эми 13-сентябрда Башкы прокуратура тарабынан Теңгиз Бөлтүрүк кармалган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>