«Улуттук крокодилдер». Депутат дипломатты кылмыш жообуна тартууну сунуштады (видео)

«Улуттук крокодилдер». Депутат дипломатты кылмыш жообуна тартууну сунуштады (видео)

Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Россиядагы эл аралык форумда «улуттук крокодилдер» деп айткан ТИМдин Дипломатиялык академиясынын кафедра башчысы Айнур Жоробекованы кылмыш жообуна тартууну сунуштады.

Анын айтымында, Жоробекова эл аралык конференцияда сүйлөп жатып, улуту үчүн күйгөн адамдарды «крокодил» деп атаган.

Талиева Айнур Жоробекова Дипломатиялык академияда эл аралык мамиле жана укук кафедрасын жетектей турганын, тарых илимдеринин кандидаты экенин айтып, Жоробекова кыргыз улутун шылдың кылды деп эсептей турганын билдирди.

«Сөзмө-сөз окуп берейин: «Медиа боюнча айтсак, толук Борбор Азия үчүн жооп бере албайм. Бирок бизде орус тили расмий тил катары Баш мыйзамда жазылган. Кыргыз жана орус тилинде билим берген мектептер дээрлик тең чамалуу. Улуттук крокодилдердин каалоосуна каршы жогорку окуу жайларда окутуу орус тилинде жүргүзүлүп келет», — деп, «улуттук крокодилдер» деп жатат. Улуту үчүн күйгөндөр «крокодил» экен», — деп ачууланды депутат.

Депутаттын айтымында, Жоробекова айткан сөздөрү үчун Дипломатиялык академияда иштебеши керек жана Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылышы керек.

Эскерте кетсек, Айнур Жоробекова Россиядагы «Валдай» клубунун Борбор Азия конференциясына катышып, «улуттук крокодилдерге жакпаганына карабай, (Кыргызстанда) окуу жайларда орус тилинде окутуу көбүрөөк» деп айткан. Анын айткандары коомчулукта талкууга алынып, сынга кабылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>