Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн түштүк диалект менен “күрөшүү” сунушталды

Кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн түштүк диалект менен “күрөшүү” сунушталды

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоорлорун талкуулоо максатында парламенттик угуу өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Талкуу маалында журналист Куттумидин Базаркулов терминдерди которуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканына кызыкты.

Өз кезегинде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев баарын эле которуп, аша чаап кетүү туура эместигин айтып, түрдүү тармактардын адистери кирген комиссия терминдер боюнча иш алып барарын жана терминдердин сөздүгү түзүлүшү керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары Куттумидин Базаркулов түштүк диалекти менен дагы «күрөшүүнү» сунуш кылды.

«Мен өзүм Жалал-Абадда чоңойгом, бир нерсени айткым келет: түндүктөгү «киргиздер» менен эле эмес, түштүктөгү «меням-сеням» менен да күрөшүшүбүз керек, тилибизди ушинтип оңдошубуз керек. 2010-жылы Кадыржан Батыров тил маселесин көтөргөн, бул маселеге тыкыр мамиле кылуу керек», — деди журналист.

Парламенттик угууда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган мындан тышкары бир катар сунуштар айтылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>