Туристтер, студенттер: Москвада «Амина» тиркемесин колдонууга тийиш болгон мигранттардын чөйрөсү кеңейтилетБишкектин 10-кичи районунун бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөт9-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуОш шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулууда
Кыргыз жарандары Италиянын айыл-чарбасына ишке жөнөтүлөт
14.11.2023 | 11:09
Кыргыз жарандары Италиянын Сардиния аймагына дыйканчылык, туризм жана мейманкана тармагында ишке орношо алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Кыргызстандын Италиядагы элчилигинин көмөгү менен айыл чарба өндүрүүчүлөрүн бириктирген «Coldiretti Sardegna» ассоциациясы менен макулдашты.
Ассоциация кыргыз жарандарын толук социалдык пакет менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн берет.
Белгилей кетсек, кыргызстандыктар Англия, Германия, Япония жана Түштүк Кореяга жигердүү ишке жөнөтүлүүдө.
2023-жылы Англияда 10 миңге жакын кыргыз жараны жумушка алынган.
Эмгек жана социалдык камсыздоо министрлигинин маалыматында, жумушсуздук акыркы эки жылда 7,7%га, ал эми расмий жумушсуздук 0,3%га кыскарды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом