«Кыргызалтын» ишканасы Citi эл аралык банк тармагынын Лондон филиалында операциялык эсеп ачкан өлкөдөгү биринчи мамлекеттик компания болуп калды. Бул тууралуу аталган ишканын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык,»Кыргызалтын» операциялык эсеп ачуунун аркасында эл аралык төлөмдү Citi тармагы аркылуу ортомчуларсыз ыкчам аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Ошондой эле, эсеп ачуу ишкана үчүн башка чет элдик коммерциялык банктарда жекече чет өлкөлүк эсептерди ачпай туруп, тышкы экономикалык операцияларын жүргүзүү үчүн төлөм хабы катары операциялык эсепти колдонуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Citibank NAнын Лондондогу бөлүмү дүйнөдөгү эң ири финансылык холдингдердин бири болгон Citigroup Inc. тобуна кирет. Банк 180ден ашык өлкөдө өзүнүн кеңселери жана филиалдары аркылуу кызмат көрсөтөт.