«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү

«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы минситрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды борборлоштурулган сатып алууну камсыз кылуу максатында  Финансы министрлиги тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине 1 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө толугу менен каржыланды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров 16-июнда өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрүп, Саламаттык сактоо жана Каржы министрликтерин сынга алган. 

Мамлекет башчы «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнбөгөнүнө абдан нааразы болгон.

Президент Каржы жана Саламаттык сактоо министрликтерин сынга алды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>