Башкы прокуратура «Кыргызфармациядагы» мыйзам бузуу боюнча кылмыш ишин козгоду

13.08.2026 | 10:51
«Кыргызфармация» ишканасындагы мыйзам бузуулардан мамлекетке 137 млн сомдон ашык зыян келтирилди — Новости Кыргызстана

Башкы прокуратура «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасында дары-дармек жана медициналык буюмдарды сатып алууда мыйзам бузуулар аныкталып, мамлекетке 137 млн сомдон ашык зыян келтирилгенин билдирди.

Мекеменин маалыматында, 2024–2026-жылдары ишкана тарабынан жасалган айрым сатып алуулар саламаттык сактоо уюмдарынын иш жүзүндөгү муктаждыктары эске алынбай жүргүзүлгөндүгү такталган. Бул жагдай кампада продукциялардын топтолушуна жана алардын жарактуулук мөөнөтүнүн өтүп кетишине алып келген.

"Тактап айтканда, жалпы баасы 74,1 млн сомду түзгөн дары-дармектин 60 түрү боюнча жарактуулук мөөнөттөрү өтүп кеткен. Алардын ичинде «Аспарагиназа» препаратынын 916 флаконунун баасы 33,2 миллион сомдон ашкан. Ошол эле учурда, препараттын бир бөлүгү сапатты баалоо жөнүндө корутунду жок эле медициналык мекемеге өткөрүлүп берилген",- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, медициналык мекемелердин билдирмеси жок эле 14 млн даана пробирка жана вакутайнер, 19 млн даана ийне-көпөлөкчө сатылып алынган. Кампаларда сакталуу бойдон калган продукциянын баасы 63,8 млндон ашык сомду түзөт.

"Аталган бузуулардын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү алдын ала 137 млн 950 миң сомго бааланууда",- деп билдирди мекеме.

Бул фактылар боюнча Башкы прокуратура тарабынан ишкананын жооптуу кызмат адамдарына жана башка жактарга карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Scroll to Top