Туман тик учакка Курумдудагы издөө иштеринин негизги тилкесин текшерүүгө тоскоол болду

13.08.2026 | 10:28
Туман тик учакка Курумдудагы издөө иштеринин негизги тилкесин текшерүүгө тоскоол болду — Новости Кыргызстана

Ош облусундагы Курумду (Корумду) чокусунда дайынсыз жоголгон альпинисттерди издөөгө тартылган тик учак тумандан жана көрүү мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, 5,5 миң метрден өйдө көтөрүлө алган жок. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасында издөө-куткаруу тобунун катышуучусу Александр Смирнов билдирди.

Анын айтымында, эртең менен тик учак Бишкектен учуп чыгып, Оштон май куюп алгандан кийин маршрутту текшерүүгө киришкен. Бирок 5,5 миң метр бийиктиктен жогору көтөрүлүүгө мүмкүн болгон жок.

Издөө тобу жоголгон альпинисттер болушу мүмкүн делген эң ыктымалдуу жер катары саналган экинчи жана үчүнчү лагерлердин ортосундагы тилкеге өзгөчө көңүл бурууну көздөп жатат. Аба ырайынын шарттарына байланыштуу бул аймакты азырынча толук текшерүүгө мүмкүн болбой жатат.

Тик учак иштеп жаткан учурда учкучсуз аппараттын (дрондун) учушу токтотулуп турган. Тик учак май куюуга кеткенден кийин, команда дрондун жардамы менен издөөнү кайра улантты.

Учкучсуз аппарат мөңгүнү эки тарабынан, биринчи жана экинчи лагерлерге көтөрүлүү жана түшүү маршруттарын, ошондой эле 5,25 миң метр бийиктикке чейинки тоо боорлорун карап чыкты. Учуулардын биринде дрон тоонун кырын бойлой 5,73 миң метрге чейин көтөрүлгөн, бирок булут каптап тургандыктан так кадрларды алууга мүмкүн болгон жок.

Биринчи лагерден жогору издөө тобу тартылып коюлган жиптерди тапкан. Видеожазууну изилдеп чыккандан кийин, алар жоголгон альпинисттерге таандык эмес болушу мүмкүн экени аныкталды: топтун негизги жиби кызыл болгон, ал эми табылганы — көгүш түстөгү каралжын жип болгон.

Болжол менен, бул башка альпинисттер калтырып кеткен эски жиптер болушу мүмкүн. Алардын координаттары картага түшүрүлдү. Күндүн экинчи жарымында издөө иштерине аба ырайы кайрадан тоскоол болду — аймакта жамгыр жаап, көрүү мүмкүнчүлүгү начарлап кетти.

Тик учактан жана дрондон тартылган видеолор изилдөө үчүн өткөрүлүп берилди. Аба ырайы ыңгайлуу болсо, эртең менен кайрадан учуу пландалууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын тоолорунда альпинисттер тобу жоголгон, алардын курамында Беларустун эки жараны жана Литванын бир жараны бар.

9-августта Беларустун ОНТ телеканалы билдиргендей, топ 6 614 метр бийиктиктеги Курумду чокусуна чыккандан кийин байланышка чыкпай калган. КР ӨКМи 9-августта тоолордо, болжол менен 5 000 метр бийиктикте альпинисттердин чатыры табылганын, бирок ал бош болуп чыкканын билдирген.

Курумду чокусунун бийиктиги 6 613 - 6 614 метрди түзөт, ал Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан. Бул аймак тик капталдары, мөңгүлөрү жана татаал бийик тоолуу рельефи менен өзгөчөлөнөт.

Курумду чокусуна чыгуу эң жогорку татаалдык категориясына кирет жана Памир-Алай аймагындагы техникалык жактан эң татаал жана кооптуу экспедициялардын бири болуп саналат. Узак убакыт бою бул чокуга адамдар аз барган бойдон калып келген.

Курумду чокусуна биринчи ийгиликтүү чыгуу бир нече ийгиликсиз аракеттерден кийин 2001-жылы ишке ашкан. Чоку жайгашкан аймакка альпинисттер сейрек барышат, анткени болжол менен 60 чакырым батыш тарапта жайгашкан Ленин чокусу альпинизмдин негизги борбору бойдон калууда.

Анара Мамытова

Scroll to Top