Дарыгерлер үй шартында консерва жабуу мезгилиндеги ботулизм коркунучу тууралуу эскертет

13.08.2026 | 10:57
Дарыгерлер үй шартында консерва жабуу мезгилиндеги ботулизм коркунучу тууралуу эскертет — Новости Кыргызстана

Үй шартында консерва жабуу мезгилинин башталышы менен Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борбору ботулизмдин — нерв системасын жабыркатып, дем алуунун бузулушуна алып келүүчү оор оорунун коркунучу тууралуу эскертти.

Өзгөчө технологиясы бузулуп даярдалган үй консервалары чоң коркунуч жаратат. Clostridium botulinum бактериясы кычкылтек жетишсиз болгон шартта көбөйүп, ботулотоксин бөлүп чыгарууга жөндөмдүү келет.

Ошол эле учурда ууланган азыктын өңү, жыты же даамы бузулбагандай сезилиши мүмкүн. Банканын ишип кетиши (көпкөнү) анын бузулганынан кабар берет, бирок банка ишибесе эле ал азык коопсуз дегенди билдирбейт.

Clostridium botulinum бактериясынын споралары айлана-чөйрөдө, анын ичинде топуракта жана сууда кеңири таралган, ал жактан азыктарга түшүп калышы ыктымал.

Ботулизмдин алдын алуу үчүн адистер төмөнкүлөрдү сунуштайт:

— бейтааныш сатуучулардан герметикалык (бекем) жабылган банкалардагы үй консерваларын сатып албоо;
— кайдан келгени белгисиз болгон үй шартында ышталган эт жана балык азыктарын албоо;
— консерва жабуу үчүн бузулган же чириген азыктарды колдонбоо;
— консерва даярдоо технологиясын, анын ичинде термикалык иштетүү, кычкылдуулук жана туздун өлчөмү боюнча талаптарды сактоо;
— ишип кеткен, зыянга учураган же шек жараткан банкалардагы азыктарды жебөө.

Борбордон ошондой эле кайнатуу пайда болгон ботулотоксинди жок кылышы мүмкүн экенин, бирок бактериянын спораларын өлтүрө албастыгын баса белгилешти. Ошондуктан, туура эмес даярдалган үй консерваларын кайнатып коюу эле аларды коопсуз кылуу үчүн жетишсиз.

Үй консерваларын же башка азыктарды жегенден кийин оорунун белгилери пайда болсо, дароо медициналык жардамга кайрылып, дарыгерге кандай азыктар желгенин айтуу зарыл.

Scroll to Top