Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинде 75-орунду ээледи

Кыргызстан бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинде 75-орунду ээледи

Кыргызстан дүйнөдөгү бактылуу өлкөлөрдүн рейтингинде 75-орунга жайгашты. Былтыр Кыргызстан 62-орунду ээлеген.

Изилдөөнү Бириккен Улуттар Уюму 20-март — Эл аралык бакыт күнүнө карата жарыялады.

Кыргызстан бул рейтингде Борбор Азияда Тажикстандан (88-орун) алдыга чыгып, Өзбекстан (47-орун) менен Казакстандан (49-орун) артта калды. Түркмөнстан тизмеге кирген эмес.

Ал эми эң бактылуу өлкө деп Финляндия табылды. Ал 7 жыл катары менен алдыда келе жатат. Биринчи ондукка Дания, Исландия, Швеция, Израиль, Нидерланд, Норвегия, Люксембург, Швейцария жана Австралия кирди. Афганистан тизменин аягына жайгашты. Рейтингге жалпы 143 өлкө кирген.

Аталган рейтингди түзүүдө адам башына туура келген ички дүң продукция, орточо жаш курактын узактыгы, өлкөдөгү коррупция, эртеңки күнгө болгон ишеним, коопсуздук сезими, жарандык эркиндиктер, марттык сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынат. Аны менен бирге өлкө тургундарынан өзүн канчалык бактылуу сезери тууралуу суроо берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>