Кыргызстан беш айда 823 тоннадан ашык цитрус жана тропикалык жемиштерди экспорттогон

03.06.2026 | 11:17
Мөмө-жемиштердин түрү

Үстүбүздөгү жылдын январь–май айларында Кыргызстан чет өлкөлөргө 823,96 тонна цитрус жана тропикалык жемиштерди экспорттогон. Анын ичинен мандариндин көлөмү 647,1 тоннаны түзгөн. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, көрсөтүлгөн беш айдын ичинде Кыргызстандан чет өлкөлөргө жалпы 12 миң 700,39 тонна жемиш, 5 миң 358,02 тонна мөмө экспорттолгон. Алардын арасынан алма биринчи орунда туруп, жалпысынан 8 миң 331,88 тонна тышка жөнөтүлгөн. Мындан тышкары төмөнкү мөмө-жемиштер экпорттолгон:

  • Кулпунай — 5 339,72 тонна
  • Алча (черешня) — 2 493,96 тонна
  • Өрүк — 825,7 тонна
  • Мандарин — 647,1 тонна
  • Алмурут — 542,7 тонна
  • Жүзүм — 250,3 тонна

Мөмө-жемиштер кайсы өлкөлөргө экспорттолгон?

Орусия – Кыргызстандан мөмө-жемиштер эң көп экспорттолгон өлкө. Январь – май айларында ал жакка жалпы 10 миң 712,78 тонна продукция жөнөтүлгөн, бул жалпы экспорттун 57%ын түзөт. Эң көп экспорттолгон мөмө-жемиштер:

  • кулпунай — 3 075,52 тонна;
  • алма — 2 862,5 тонна;
  • алча — 2 270,66 тонна;
  • өрүк — 733,7 тонна.

Экинчи орунда Казакстан турат. Бул өлкөгө беш айда 7 миң 375,82 тонна мөмө-жемиш чыгарылган, бул жалпы экспорттун 39%ын түзөт. Эң көп экспорттолгон мөмө-жемиштер:

  • алма — 4 098,68 тонна;
  • кулпунай — 2 264,2 тонна;
  • алмурут — 532,7 тонна;
  • алча — 223,3 тонна.

Мындан тышкары мөмө-жемиштер төмөнкү өлкөлөргө экспорттолгон:

  • Өзбекстан – 1 миң 790,9 тонна;
  • Тажикстан – 34,8 тонна;
  • Катар – 0,2 тонна.
Scroll to Top