Садыр Жапаров: Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешине шайланышы — бул чоң жоопкерчилик

04.06.2026 | 10:49
Садыр Жапаров БУУда сөз сүйлөөдө

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышын өлкө үчүн чоң жоопкерчилик экенин билдирди. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кыргызстан бул жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними катары, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун бардык мүчө мамлекеттеринин алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алат», — деп билдирди ал.

Жапаровдун айтымында, Коопсуздук Кеңешине мүчө болгон мезгилде Кыргызстан эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды алдын алууга, превентивдүү дипломатияны өнүктүрүүгө жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну колдоого багытталган артыкчылыктарды илгерилетет.

Ошондой эле ал өлкө эл аралык тутумда чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун күчөтүүгө, глобалдык коопсуздуктун контекстинде климаттык, суу, тоолуу аймактарга байланышкан жана экологиялык чакырыктарды эске алууга ниеттенип жатканын билдирди.

«Биз Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдогон бардык мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде тынчтыкка, туруктуулукка жана көп тараптуулукту бекемдөөгө кызмат кылган жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенибизди ырастайбыз», — деди өлкө башчы.

Билдирүүнүн соңунда Садыр Жапаров БУУга мүчө мамлекеттердин элдерине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Scroll to Top