Кыргызстан Борбор Азияда аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылды

Кыргызстан Борбор Азияда аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылды

Бүгүн, 25-ноябрда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акция башталды. “Сезим” кризистик борборунун өкүлдөрү журналисттер менен жолугуп, Кыргызстандагы зордук-зомбулуктун абалы боюнча маалыматтарды айтышкан. Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 2021-жылы Кыргызстан Борбор Азиядагы аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп табылган.

Кризистик борбордун өкүлдөрү “Адилет” укук коргоо уюмунун маалыматына таянып билдиргендей, Кыргызстанда ар бир үчүнчү адам үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп жатат.

Аялдардын жана кыздардын жумуш ордунда сексуалдык асылуу учурлары боюнча изилдөө отчетуна ылайык, ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда сексуалдык асылууга дуушар болот.

ИИМдин маалыматтары боюнча, 2021-жылы сексуалдык зомбулук болгон 604 учур катталган, алардын 53%ы кылмыш курамы жок болгондуктан кыскартылган. Мажбурлап нике кыйдыруу үчүн аялдарды уурдаган 254 учур катталып, алардын 84%ы кылмыш курамы жоктугунан кыскартылган. 2021-жылы үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча 10 151 учур катталган.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга 9038 убактылуу коргоо ордери берилип, алардын ичинен 8463ү аялдарга, 264ү – өспүрүмдөргө берилген.

Ал эми 2022-жылдын алгачкы 5 айында үй-бүлөдө зомбулук жасалган 3 988 учур катталган. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга 2022-жылдын 7 айынын ичинде 5 159 убактылуу коргоо ордери берилген.

Улуттук статистиканын маалыматтары көрсөткөндөй, үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары басымдуу көпчүлүк учурларда (2020-жылы — 96%) аялдар болууда.

 «Соттун ар бир үчүнчү өкүмүндө айыпталуучу жазаланган эмес. Иштер кыскартылган же айыпталуучу акталган. Негизги себеп — сексуалдык кол тийбестикке каршы кылмыштар нормалдаштырылган жана акталган. Коом өз кезегинде, зордуктоонун себебин жабырлануучунун өзүнөн издейт», — деп билдиришти «Сезимдин» өкүлдөрү.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2021-жылдын январынан ноябрына чейин Кыргызстанда зордуктоо, зомбулук аракеттер жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо боюнча 762 иш катталган. Анын ичинен 522 иш соттук териштирүүгө чейин кыскартылган.

Ал эми 16 жашка чыга элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракет боюнча 246 иш катталган. Алардын ичинен 172 иш кыскарган.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин “Ыйман Нуру” фракциясынын депутаты Динара Ашимова “Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо” чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>