Кыргызстан чет элдик жарандардын кирип-чыгуусуна чектөө киргизди

Кыргызстан чет элдик жарандардын кирип-чыгуусуна чектөө киргизди

Министрлер кабинети тарабынан чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагына кирип-чыгуу тартибине өзгөртүү киргизди.

Ага ылайык  «Visa-run» жокко чыгарылды. Эми чет элдик жарандар өлкөдөн чыккандан кийин дароо эле кайра кире албайт. Алар 60 күндүк визасыз режимди колдонуу үчүн өлкөгө кайра эки айдан кийин келе алат.

Ал эми Кыргызстанда визасыз  90 күн жүрө алгандан чет элдиктердин мөөнөтү «90/180 «принциби боюнча эсептелет.

Буга байланыштуу министрлик чет мамлекеттердин жарандарын өлкөгө сапарын алдын ала пландаштырууга чакырат.

Тышкы саясат мекемеси  уруксат берүүчү документтерди (жашап турууга уруксат берүү, каттоо, «кайрылман» статусу ж.б.) Кыргызстандын чегинен чыкпай туруп тариздөө мүмкүн экендигине көңүл бурат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>