УКМК райондук сот Кенжебаевди, анын жээнин жана жакын досун кармады

УКМК райондук сот Кенжебаевди, анын жээнин жана жакын досун кармады

Бишкекте пара опузалап алууга шектелип Ленин райондук сотунун судьясы К.Н.Т. (Кенжебаев Нурлан Төрөбаевич) кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, ал сотто каралып жаткан кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 2 миң доллар опузалап алууга шектелип колго түшүрүлгөн. Ошондой эле ортомчулук кылган судьянын консультанты Ш.Ч.Т. жана судьянын жакын досу Т.М.Ш. кармалган.

УКМК билдиргендей, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кенжебаев буга чейин да пара опузалап, акчаны банктык которуу жолу менен алып жүргөнү аныкталган. Акчалар алгач соттун жээни Т.Н.Н. жана эжеси К.А.Т.нын эсептерине которулуп, андан кийин соттун өзүнө берилип турган.

Биринчи май соттун чечими менен соттун жээни Т.Н.Н. №1 тергөө абагына камакка алынган.

УКМКнын материалдарынын негизинде 5-сентябрда башкы прокурор тарабынан Кенжебаевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 342 жана 343-беренелери (Опузалап пара талап кылуу жана алуу) боюнча экинчи кылмыш иши козголгон.

16-октябрда Биринчи май соттун чечими менен Кенжебаев УКМКнын тергөө абагына камалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК Бишкек шаардык соттун судьясы Назгүл Илиязованы кармады

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>