Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даяр

Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даяр

Туркияда өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан толугу менен даяр. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Түркияда өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын маданият ишмерлери жана спортчулар толугу менен даяр.

Бүгүнкү күнгө карата чыгармачылык топтор жана спортчулар Түркияга жөнөп жатышат.

Жалпы оюндарга 148 спортчу оюндун түрлөрү менен катышып, 30га жакын маданият ишмерлери салтанаттуу ачылыш аземдин чоң программасына катышат.

Учурда оюндарга катышуучу чыгармачыл топтор Түркияда режиссердук топ менен биргеликте даярданып жатат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылышы Түркиянын Изник шаарында өтүп, Кыргызстандын убактысы боюнча кечки саат 18:00 башталуусу пландалууда.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк-Бөрү жана Алыш оюндары расмий мелдеш катары кирген. Ошондой эле, кыргыз спортчулары көкпар, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да катышат.

Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандан жалпы 148 спортчу жана 30га жакын өнөр адамдары катышат. Алар манасчы, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Чалагыз Исабаев атындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли, солисттер жана режиссердук коюучу топ.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>