Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстан электр энергия жана көмүр сатып алуу үчүн насыя алууда
05.12.2022 | 16:09
Министрлер кабинети энергектика тармагы үчүн Азия өнүктүрүү банкынан насыя алууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан 50 млн доллар өлчөмүндөгү насыяны 24 жылга алууда. Насыянын жеңилдетилген мөөнөтү 8 жыл, пайызы 1%дан болот. Андан кийинки 16 жылда насыянын пайызы 1,5%ды түзөт.
“Анын 25 млн доллар насыя, 25 млн доллары грант болун эсептелет”, – деди ал.
Энергетика министри Таалай Ибраев белгилегендей, аталган каражат электр энергиясын импорттоого жана Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алууга жумшалат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз