Өлкөдө бир жылда инфарктан 20 миңдей адам каза болууда, — министр

Өлкөдө бир жылда инфарктан 20 миңдей адам каза болууда, — министр

Кыргызстанда жүрөк кан тамыр оорулары жалпы өлүмдүн 52 пайызын түзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова билдирди.

Анын айтымында, бул эң чоң көрсөткүч.

“Бир жылда инфарктын курч түрүнөн эле 20 миң оорулууну жоготуп жатабыз. Ошол эле мезгилде инсульт оорусу жашарып жатат. Эмгекке жарамдуу жарандар арасында, тактап айтканда 30-34 жаштардын тегерегинде дагы көп болуп кетти”, — деди министр.

Жыйында депутат Элвира Сурабалдиева инсульт жана инфаркт алган жарандарды кайра калыбына келтирүү борборлору жок экенин айтып, бул багытта кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурады.

Гүлнара Баатырова аймактарды кыдырып, бош калган имараттардын ордуна реабилитациялык борбор ачуу пландалып жатканын айтты.

“Мындан тышкары, Бишкек шаарында Улуттук кардиология жана терапия борборунда инсульт алган жарандарды кайра калыбына келтире турган  24 саат бою иштөөчү бөлүм ачылат. Азыр анын ремонтуна бюджеттен 15 млн сом бөлүнүп берилди”, — деди министр.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>