Кыргызстан ЕРӨБден автобустарды сатып алууга 25 млн евро насыя алат

Кыргызстан ЕРӨБден автобустарды сатып алууга 25 млн евро насыя алат

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Өткөн жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик жана гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 25 млн евро өлчөмүндө жеңилдетилген насыя берүүнү пландаштырууда, ал автобустарды сатып алууга жана Бишкек шаарынын автобус паркын оңдоого жумшалат.

Кредиттик каражаттар эки транш менен бөлүнөт. Биринчи транш боюнча 16 млн евро берилип, эгер макулдашылган шарттар аткарылса, экинчи транш менен кошумча 9 млн евро бөлүнөт. Насыянын мөөнөтү 12 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү 3 жыл.

Мындан тышкары ЕРӨБ 8 млн евро өлчөмүндө грант да бөлүүнү пландоодо. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 33 млн евро каралган.

Айта кетсек, “Жашыл шаарлар 2, терезе 2” алкактык программасынын “Бишкек автобустары” долбоору жаратылыш газы менен жүрүүчү шаардык автобустарды сатып алууну жана автобус паркын оңдоону карайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>